Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

КДК – демократиянын алгачкы күрөшкери


Балтика өлкөлөрүндөгү демократиялык жүрүмдү колдогон КДКнын жыйыны. "Ала-Тоо" аянты, Бишкек. 1991-жыл.
Балтика өлкөлөрүндөгү демократиялык жүрүмдү колдогон КДКнын жыйыны. "Ала-Тоо" аянты, Бишкек. 1991-жыл.

Кыргызстан демократиялык кыймылы – КДК Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири антикоммунисттик бирикме болгон. Уюм 1990-жылы 26-27-майда түзүлгөн. КДК тууралуу тарыхчы Махабат Марат кызы Жунусованын блогу.

Махабат Марат кызы Жунусова
Махабат Марат кызы Жунусова
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт


Советтер Союзунун урашын утурлай Кыргызстан 1991-жылы 31-августта эгемендигин жарыялаган. Бирок эгемендик алдында Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) жасаган иш-аракеттер тарыхта өлбөс-өчпөс орчундуу окуялардан болуп калганын азыркы жаш муундун көбү анчейин биле бербейт.

Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп эгемендик жана демократиялык өнүгүү багытын тандап алып, улуттук мамлекетти кайра жаратууга белсенген жана бул нукту тандоодо КДКнын ролу чоң болгон.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын саясий блок катары басып өткөн 1990–1993-жылдардагы жолу өтө кыска болсо дагы ал Кыргызстандын тарыхында орчундуу окуяларды камтыган коомдук саясий кыймыл катары маалым.

КДКчылардын ураандарынын бири. 1991-жыл.
КДКчылардын ураандарынын бири. 1991-жыл.

Кыргызстан мурдагы СССРдин доорунда коммунисттик Кремлдин башкаруусунун кырдаалында саясий, улуттук жактан чектелген эгемендикке гана ээ болгондугу тарыхый чындык.

Улуттук баалуулуктар тууралуу сөз кылгандардын бардыгын Борбордук кремлдик бийлик катуу куугунтукка алып, бир топ атуулдарыбыз атылгандыгы, жабыркагандыгы жана жазыксыз эле абакка салынып, ар кыл куугунтукка кабылгандыгы тууралуу эгемендик кезеңинде ачык айтылып жатат.

Алардын арасында Кыргызстандан чыккан алгачкы юридика илимдеринин доктору Кубанычбек Нурбеков болду. Ал Кыргызстан СССРден чыгып кете алат деп илимий тастыктагандыгы үчүн куугунтукка кабылган.

Нурбеков 1985-жылы 29-декабрда 57 жашында дүйнөдөн өткөн. Андан алты жылдан кийин гана ал эңсеген эгемендик келген. Ал эми 1980-жылдары куугунтукталгандардын арасында этнограф Сабыр Аттокуров, тарыхчы Таабылды Мурзабеков, экономика боюнча адис Давлес Айкеев, бир катар акын-жазуучулар ж.б. болгон.

Улуттук баалуулуктардын түп-тамыры менен жоголушун көздөгөн бул саясий куугунтук тымызын жана ачык түрдө жүргүзүлгөн. Чыңгыз Айтматовдун термини менен алганда, коом маңкуртташып бараткан кезең эле.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митинги. 1991-жыл.
Кыргызстан демократиялык кыймылынын Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митинги. 1991-жыл.

СССРдин улутчулдук саясаты, жергиликтүү калкка болгон кысым көрсөтүүсү жана улуттук теңсиздик, улуттук бөлүп-жаруу саясаты кыргыз журтчулугунун да нааразылыгын туудура баштаган. СССРдин ичинде тымызын улут аралык жаңжалдар болуп турган, бирок алар өз учурунда күч менен басылып, көп учурларда жашыруун боюнча калып турган. Маселен, 1986-жылдын жайындагы Якутск шаарындагы толкундоолор тууралуу башка жактагылар кийин гана кабардар болушкан.

СССРдин саясий системасынын кризиске учурашы менен союздук республикалар өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүү үчүн күрөштү тездеткен. Жер-жерлерде коммунисттик тоталитардык саясатка каршы ачыктан ачык аракеттер башталган.

Мисалы, Балтия өлкөлөрүндө Коммунисттик партиянын саясатына каршы чыккан Латвия Элдик биримдиги, Эстония Элдик майданы, Литвадагы “Саюдис” кыймылы жана башка уюмдар пайда болгон.

Кыргызстанда 1986-жылдагы “Ысык-Көл шеринеси” дүйнөлүк айдыңдарды баш коштурган олуттуу маданий окуя болуп калган.

1986-жылдын декабрындагы Казакстандагы “Желтоксон” окуяларынан соң 1987-жылдын башынан тартып Кыргызстанда дагы “улутчулдарды идеологиялык жазалоо” өнөктүгү өткөнү тарыхта маалым. Ал тескери натыйжа берип, кыргызстандык коомдогу улуттук аң-сезимди курчуткан.

1988–1989-жылдары жарандык демилгелер күчөп, коомдук уюмдар менен элдик масса саясий кырдаалдын өзгөрүшү үчүн жигердүү күрөшү баштаган. “Кош тилдүүлүк” үчүн күрөш да ушул өңүттө каралууга тийиш.

КДКнын айрым мүчөлөрү. 1991-жыл.
КДКнын айрым мүчөлөрү. 1991-жыл.

1989-жылы жана 1990-жылдын башында Кыргызстанда “Ашар”, “Атуулдук демилге”, “Улуттук демократиялык фронт”, “Ысык-Көл”, “Көк-Жар”, “Келечек”, “Ош аймагы”, “Адолат”, “Мемориал”, “Демос”, “Эколог”, “Поиск”, “Эколог”, “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты”, “Асаба”, ж.б. бейөкмөт коомдук-чыгармачыл жана жарандык саясий уюмдар пайда болгон. Маскөөдө “Акыйкат”, ал эми Ленинградда “Ак Кеме” демократиячыл бейөкмөт уюмдары негизделген.

1990-жылдын 25-26-майында жогоруда аталган коомдук-саясий уюмдар, кыймылдар жана клубдар жана айрым жеке атуулдар биригип, “Кыргызстан” Демократиялык кыймылын (КДК) түзүшкөн. КДКнын курамына 30дан ашык (айрым маалымат боюнча – 24) саясий бирикмелер жана коомдук уюмдар, ошондой эле демократиячыл маанайдагы жеке атуулдар биригишкен.

Ал эми 1990-жылы КДКнын ишмердүүлүгүн кыргыз айдыңдарынын ичинен Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Казат Акматов, Кеңеш Жусупов, Жалил Садыков, Төлөгөн Касымбеков, Эсенгул Ибраев, Шайлообек Дүйшеев, режиссёрлор Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев, Мелис Убукееев, тарыхчылар Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, Имел Молдобаев, Айып Идинов, педагог Нурийла Имаева жана башка чыгаан инсандар колдоп чыгышкан.

Баса белгилесек, КДКнын идеяларын жана ишмердүүлүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында кыргыздар гана эмес, башка этностордун өкүлдөрү да колдоого алышкан.

КДКнын алгачкы шайланган беш теңтөрагасы – Казат Акматовдун, Топчубек Тургуналиевдин, Жыпар Жекшеевдин, Кадыр Матказиевдин жана Төлөн Дыйканбаевдин жана алардын Таабалды Эгембердиев, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Абдрахманов, Аман Токтогулов, Эркин Шерниязов, Жумамүдүн Кадырмамбет, Наталья Аблова, Камиля Кененбаева, Виктор Черноморец, Жумагазы Садыр уулу Усупов, Тынчтыкбек Чоротегин, Турсунбек Акун, Сапар Мурзакулов, Жаналы Шабдрай, Сабыр Мукамбетов, Шамшыбек Мамыров, Жумабек Мүсүралиев, Ишенбек Жолбунов, Владимир Клипенштейн, Виктор Запольский сыяктуу жана башка үзөңгүлөштөрүнүн жарандык салымы эч унутулгус. Алардын айрымдарынын көзү өттү.

КДК Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу демократиялык принциптерди, улуттук баалуулуктарды сүрөөнгө алып, мурдагы советтик режимге каршы бирдиктүү оппозиция катары чыккан алгачкы ири кыймыл болгон.

КДК Кыргызстандын Компартиясынын, парламенттин, өкмөттүн жетекчилерине катуу талаптарды коюп, пикет-митингдерди уюштуруп, эбегейсиз чоң күчкө айланган.

1990-жылы октябрдын акыркы апталарында КДКнын демилгеси менен биринчи жолу Кыргызстандын башкы шаарында саясий ачкачылык нааразылык чарасы демократиячыл ураандар астында өткөрүлгөн.

Кыргыздар менен өзбектердин ортосунда 1990-жылы июнда чыккан кайгылуу Ош окуясында да КДК өкүлдөрү эки боордош элдин ортосундагы чыр-чатактын, тирешүүнүн андан ары ырбап кетишине жол бербөө максатында эки элдин ортосундагы жолугушууларга жигердүү катышкандыгын, Ош окуясында элди ынтымакка чакыруу боюнча КДКнын алгылыктуу иштерин өзгөчө белгилеп кетүүгө болот.

1991-жылдын 5-февралында борбор шаардын тарыхый аты калыбына келтирилип, Фрунзе шаары Бишкек шаары болуп өзгөргөн. Бул кадамды даярдоодо КДКнын жана Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын салымы да чоң болгон.

“Ашардын” жана КДКнын демилгеси менен 1991-жылы июлда “Өмүр көчү–75” деген аталышта тарыхый жөө жүрүш уюштурулган жана бул иш-чара 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштө жана Улуу Үркүндө курман болгондорго багышталган.

КДКнын ишмердүүлүгүнүн аркасында демократиялык принциптердин негизинде алгачкы президентти шайлоо өнөктүгү жүргөн. Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгы жөнүндө Декларация да КДКнын эгеменчил ураандарына төп келген.

КДК улуттук, демократиялык баалуулуктарды, атуулдук коомдогу зарыл көз караштарды жана патриоттук коомдук маанайды калыптандырууга эбегейсиз салым кошкон.

“Эсимде” аянтчасы, Элмира Ногойбаева, Гүлзат Алагөз, британдык профессор Мэдлин Ривз айым да КДК тарыхын иликтөө жаатында мыкты мультимедиалык изилдөө жүргүзүп келишет.

Профессор Аалыбек Акунов, Абылабек Асанканов, Кыяс Молдокасымов, Тынчтыкбек Чоротегин, Арслан Капай уулу, Аида Кубатова, Алмаз Кулматов жана башка тарыхчылар, ошондой эле Кубат Чекиров, Бакыт Орунбеков, Ракыя Жусупова сыяктуу публицисттер дагы КДКнын тарыхын калыс таразалап жатышат. Башка илимпоздор жана жалпы калемгерлер да бул жаатта салым кошот деп ишенебиз.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын демократиялык саясий системаны киргизүүдөгү ролу жаатында биз жаңы гана жарык көргөн китебибизде да өзгөчө белгилеп жатабыз. (Махабат Жунусова. КДК (1990–2025): Кыскача тарыхый баян / Жооптуу ред. Т.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint, 2025. – 160 бет, сүрөт. –– “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ. –– “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү.)

2025-жылдын бугу (май) айынын 26сында, дүйшөмбү күнү, “София” конок үйүнүн имаратында КДКнын 35 жылдык мааракесине арналган коомдук жыйын өткөрүлдү (анда алгачкы саатта анча-мынча үзгүлтүк болгону да жалпыга маалым), ал эми эртеси, 27синде, шейшемби күнү, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (1990–2025-жж.) 35 жылдыгына арналган “Даңазалуу “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы (1990–1993-жж.)” аттуу илимий кереге кеңеш (тегерек үстөл талкуусу) өткөрүлдү.

Учурдан пайдаланып, быйылкы мааракелик иш-чараларды уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстандын азыркы жарандык коому КДК деп аталган элдик кыймылдын тарыхына байланыштуу бул тарыхый доорду жана андагы олуттуу окуяларды калыс үйрөнө бериши зарыл.

Шерине

XS
SM
MD
LG