Клооп Медианын кызматкерлери Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева сурак берип жатат. Кечээ журналисттер суракка алынып, экөө 48 саатка кармалды. Орусия Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылды. АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус лидерлери менен жолугушууга даярдыгын айтты.
Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялдын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учурду. Kloop Медиа басылмасынын Бишкектеги жана Оштогу журналисттери суракка алынып, үйлөрү тинтилди. Газадагы cогушка 600 күн. Тилкеде 54 миңден ашуун киши набыт болду, барымтадагы 58 туткундун тагдыры белгисиз.
28-майда "Клооптун" оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалды. Басылманын журналисттери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыкты. Укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө "кызыл чектен" чыгып кеткен делген үй ээлери сотко даттанышат. Алар мэриянын 26-майдагы чечимин "мыйзамсыз" деп эсептеп, "Жер кодексине" каршы келерин айтышат. Мэр Айбек Жунушалиев бардык иш мыйзамга жана шаардын башкы планына ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, кылмыш иштери боюнча экспертиза жүргүзүүдө күч органдары кийлигишерин айтып чыккан Жоомарт Карабаевди сот күнөөлүү деп тапты.
10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарды текшерүү башталат. УКМКнын маалыматына ылайык, өлкөдө 5 миңдей мигрант мыйзамсыз жүрөт. Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.
Укук коргоочу Турсунбек Акун башынан жана колунан жаракат алды. Кыргызстан демократиялык кыймылынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада чуу чыкты. Бишкектин "Киргизия" конушундагы үйлөрдү сүрдүрүү аракеттери башталды. Азырынча канча үй сүрдүрүлгөнү так эмес.
Казакстандын он чакты шаарында саясий репрессиялардын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өткөрүүгө уруксат берилген жок.
Бейшембиде Москвада жана башкалаага жакын жерлерде бир нече аэропорт убактылуу жабылды. Ош шаарынын казысы, дагы бир диний кызматкер кармалды. Атайын кызмат казыятта такай мыйзамсыз акча чогултулган деп айыптады. Мугалимдер менен дарыгерлер мамлекетик ипотекага кантип илинет?
Дагы жүктөңүз