29-майда Клооп Медианын дагы эки кызматкери сурак берди. Мурунку күнү басылманын беш журналисти суралып, эки кызматкери 48 саатка кармалды. Бийликтин өкүлү медиа кызматкерлерди иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштырды. Укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек.
Клооп Медиа 29-майда дагы бир журналисти Абдил Төрөбаевди укук коргоо органдары суракка алып кеткенин маалымдады. Кечээ басылманын беш журналисти суралып, эки кызматкери 48 саатка кармалды. Укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө "кызыл чектен" чыгып кеткен делген үй ээлери сотко даттанышат. Алар мэриянын 26-майдагы чечимин "мыйзамсыз" деп эсептеп, "Жер кодексине" каршы келерин айтышат. Мэр Айбек Жунушалиев бардык иш мыйзамга жана шаардын башкы планына ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Бишкекке иш сапары менен келип кетти. Кыргызстанга алгачкы сапар менен келген Стипрайс 14-16-май күндөрү президент Жапаров баштаган жетекчилер, депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, “Азаттыкка” маек курду.
Эркин журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Журналист айыптардын баарын четке кагып, мыйзам алдында күнөөсү жок экенин дагы кайталады.
Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр эркин журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди. Көмүскөдөгү ишкер журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылып жатканы маалым болду.
Эки айдан бери камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соттук ишин кароо 21-майга калды. Сотко прокурор келбей калганын Мамыркулова "саясий басым" деп сыпаттады. Бийлик болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги корголорун такай билдирет.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялады. Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орун илинди. Буга чейин Amnesty International Борбор Азияда ЖМК катуу кысымга кабылганын жарыялаган.
Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баянмадасы 29-апрелде жарык көрдү. Анда 2024-жыл Борбор Азиядагы адам укуктары жаатындагы абал дагы оор сыноого кептелгени белгиленген.
Прокуратура Кыргызстандагы "Апрель" телеканалынын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылды. Буга каналдын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген үч экспертиза себеп болгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-апрелде БАЭден кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов)бөгөт чарасын карап, аны 19-майга чейин камакта калтырды. УКМК дээрлик 10 күндөн бери дайыны билинбей жаткан активист 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин ырастаган.
Дагы жүктөңүз