Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

"От менен ойноп жатат". Трамп Украинадагы жапырт соккудан кийин Путинди сындады


Дональд Трамп жана Владимир Путин.
Дональд Трамп жана Владимир Путин.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сындап чыкты. Өткөн аптанын экинчи жарымында Украинанын аймагына дээрлик ар түн сайын жапырт сокку урган Орусиянын башчысы тууралуу ал 27-майда өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө:

"Владимир Путин эгер мен болбосом Орусияда абдан көп жаман иштер болмоктугун, АЯБАЙ ЖАМАН болмоктугун түшүнбөй жатат. Ал от менен ойноп жатат", - деп жазды.

Трамп буга чейин Орусияны ар кандай оор чаралардан "коргоп келгенин", бирок эми чыдамы кетип баратканын, анткени анын Украинадагы согушту токтотуу ниетине Путин көңүл бурбай жатканын билдирди.

Украинанын борбор калаасы Киев 24-майга караган түнү, андан кийинки түндөрү башка аймактар да катары менен Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылган. Ондон ашуун адамдын, анын ичинде жаш балдардын өмүрү кыйылган, ондогон жайкын тургун жараат алган. Бул чабуулдар согуш башталган үч жылдан берки эң катуу сокку болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашкан.

Ушуну менен Кошмо Штаттардын президенти Орусиянын башчысына соңку күндөрү экинчи жолу ачык сын айтып жатат.

Кремль Трамптын бул билдирүүлөрүнө расмий комментарий бере элек.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев гана үн катып Х социалдык түйүнүнө англис тилинде:

Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

"Трамптын Путин "от менен ойноп" жана Орусияда "чынында эле жаман нерселер болуп жатканы" тууралуу сөздөрү боюнча... Мен бир гана ӨТӨ ЖАМАН НЕРСЕНИ билем. Ал — Үчүнчү дүйнөлүк согуш. Трамп муну түшүнүп турат деп үмүттөнөм!", - деп жазды.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, үч түн катары менен жасалган ракета жана дрон чабуулдары 26-майдын таңында гана токтоду. Бул убакыт аралыгында, украин президенти билдиргендей, Орусия 900 ракета учурду, 25-майдагы соккулардан кеминде 13 жайкын тургундун өмүрү кыйылды.

Орусия адатта Украинадагы чабуулдарынан жайкын жашоочулар каза тапканы, жарандык инфраструктура кыйраганы тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

26-майдагы чабуулду украин бийлиги согуш башталгандан берки эң оор сокку деп атаган. Андан бир күн мурда Трамп өзүнүн социалдык түйүнүнө Путин тууралуу "таптакыр акылынан айныды"деп жазган.

Согуштук дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирип келет. 27-майдын кечинде өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү Украина тараптан учурулган 112 учкучсуз учак жок кылынганын жергиликтүү бийлик маалымдаган.

Аба мейкиндигиндеги коопсуздук чараларынан улам борбор калаа Москвада аэропорттордун иши чектелип, Внуково жана Жуковский аба майдандарында айрым учактардын учуп-конуу убактысы өзгөртүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин дрондорунун 59у өлкөнүн түштүк-батышындагы Брянск аймагын бутага алганын, калгандары Курск, Белгород, Тула, Орел жана Калуга облустарында кармалганын билдирген.

Борбор калаа мэри Сергей Собянин Москваны көздөй учуп бараткан 12 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Өткөн аптада, Орусиянын үч күндүк тынымсыз чабуулдары баштала электе Чоң жети (G7) бирикмесине кирген мамлекеттер жана АКШ Конгресси Ак үйдү Трамптын атышууну 30 күнгө дароо токтотуу демилгесин колдобой койгону үчүн Орусияга каршы санкция киргизүү керектигин айтып чыгышкан.

Азырынча Трамптын Республикалык партиясы көзөмөлдөгөн Конгресс Орусияга каршы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун добушка алып чыга элек.

Трамп өзү өткөн аптада журналисттердин "Путин сиздин атышууну токтотуу тууралуу сунушуңузду кайрадан четке какса да эмне үчүн Орусияга каршы санкция жарыялабай жатасыңар?" деген өңүттөгү суроосуна жооп берип жатып "жылыш байкалып турган кезде" Путинди алыстатып алышы мүмкүн экендигин айтып жооп берген.

АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Жон Хербст Путиндин мамилеси тууралуу Вашингтон аналитикалык борбору жарыялаган макаласында төмөнкүдөй оюн жазды:

"Путин Трампты да, Батыштын башка да лидерлерин Орусиянын Грузиядагы 2008-жылдагы согушунан кийин агрессияга каршы чечкиндүү чара көрүүнү каалабагандар деп эсептейт".

Atlantic Council басылмасына чыккан макаласында Хербст Трамптын Орусиянын Украин шаар-кыштактарына жасаган соңку чабуулдарын сынга алганы да, Кремлдин терс билдирүүлөрү да жаңы санкцияларды жаратпаганын белгиледи. Ошону менен катар ал санкциялар тууралуу мыйзам долбоору Сенатта улам колдоого ээ боло баштаганын, аны демократтар да, республикачылар да кубаттап жатканын кошумчалады.

Болл мамлекеттик университетинин профессору Сергей Жук Трамп социалдык түйүндөргө эмне деп жазбасын, анын баары иш жүзүндө кандайдыр бир реалдуу аракетке алып келет деп үмүттөнө албай турганын айтууда.

Жук Вашингтондо жайгашкан Вудро Вилсон борборунун илимий кызматкери дагы. Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде:

"Мунун баары социалдык түйүндөрдөгү сын бойдон эле кала берет. Болгону ошол. Путин АКШнын жаңы администрациясы бул чабуулдарга кандайдыр бир катаал реакция кылбай турганын билет".

Кит Келлог
Кит Келлог

Трамптын Украина боюнча атайын чабарманы Кит Келлогг Fox News телеканалына "Орусиялыктарды кепке келтирип, бир үстөлгө сүйлөшүүгө отургузуш үчүн аларга дайым басым жасап туруш керек экенин" айтып, Трамп тынчтык орнотуу процессинен майнап чыкпай жатса да "ошондой эле өңүттө уланта бериши керек" деп эсептей турганын билдирген.

Трамп экинчи президенттик мөөнөткө аттанып, шайлоо өнөктүгүн баштагандан бери эле Украинадагы согушту токтотуу анын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт болорун айтып келген. Төрт ай мурда кызматка киришкенден кийин да ушул саясатын улантып, атышууну 30 күнгө токтотууга тез арада макул болууга Украинаны да, Орусияны да үндөгөн.

Зеленский Трамптын бул сунушун колдогон, ал эми Путин макул болбой, Киевден айрым бир шарттарды аткарууну, мисалы, Украинанын орус аскерлери ээлеп турган жерлеринен украин армиясын чыгарып кетүүнү талап кылган.

Талдоочулардын пикиринде, Путин согушту азыр токтотууга кызыкдар эмес, анткени ал алдына койгон максаттарына толук жете элек, бирок утуп баратканына ишенүүдө.

Соңку чабуулдарды айыптаган Зеленский "мындай соккуларга күбө болгон сайын дүйнө согуштун токтобой жатышынын себеби Москвада экенине ынанууда" деп 24-майда белгилеген.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украина атышууну токтотууну улам сунуштап келе жатканын, бирок андай демилгелеринин баарын көз жаздымда калтырып жатышканын белгилеген украин лидери "Демек, жакшы натыйжага жетиш үчүн Орусияга басымды күчөтүп, чыныгы дипломатияны баштоо зарыл" деп айтып, АКШдан, Европадан орус бийлигине каршы санкцияларды күчөтүүнү күтүп жатканын кошумчалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG