АКШ Газада ок атууну токтотуу планына Израил көнгөнүн, сунуш хамасчыларга берилгенин билдирди. Ал арада Франция анклавда гуманитардык абалды оңдоо чаралары көрүбөсө, Израилге санкция салынарын эскертти. Эл аралык уюмдар газалыктар таза суу, тамак-аш, дары-дармекке зар болуп турганын белгилешет.
АКШ Газада ок атууну токтотуу планына Израил көнгөнүн, сунуш АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАСка берилгенин билдирди. Ал арада Франция анклавда гуманитардык абалды оңдоо чаралары көрүлбөсө Израилге санкция салынарын эскертти.
Орусия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн эмки айлампасын 2-июнда Стамбул шаарында өткөрүүнү сунуш кылды. Киев меморандумду Москвага тапшырганын, каршы тарап документ бере электигин билдирген. АКШнын президенти Дональд Трамп украин жана орус президенттери менен жолугушууга даярдыгын айтты.
Газада согуш 2023-жылдын 7-октябрында АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Израилдин аскердик операциясында 54 миңден ашуун палестин набыт болду.
Газа тилкесинде cогуш башталганына 600 күн болду. 2023-жылдын 7-октябрында АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган согуш аралыгында Газада 54 миңдей адам каза болду.
Cоңку үч күн бою Украинанын бир нече аймагын, борбор калаа Киевди Орусия ракета жана дрон менен аткылады. 25-майда эки тарап миңден туткун айырбаштоонун аягына чыкты. Жараян жүрүп жатканда түнкү чабуулдардан Украинада кеминде 12 өмүр кыйылды.
Стамбулдагы сүйлөшүүдө Орусия Украинадан Крымдын аннексиясын таанууну талап кылды. 2000-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин бийликке келгенден кийин 10 жыл бою Крым Украинанын жери экенин жана Орусиянын коңшусуна карата аймактык дооматы жок экенин айтып келген.
Украинанын Орусия басып алган аймактарында жашаган миңдеген тургун зордук-зомбулукка кабылса, айрымдарын уурдап кетишкен. Азаптан аман кутулгандар кандай кордук көргөнүн, адам чыдагыс шартта кармалып, ар намысы тепселгенин айтып беришкен.
Он жыл мурун Орусиялык күчтөр Крымды Украинадан тартып алып, Крым татарларын массалык түрдө кармоону башташкан. Ринат Параламов 2017-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан кармалган. 2022-жылдын декабрынан бери ал Германияда жашайт.
Орусия менен Украина бири-биринин аймактарына улам чабуул жасап жатышат. Бейшембиде Москвада жана башскалаага жакын жерлерде бир нече аэропорт убактылуу жабылды.
Дагы жүктөңүз