Атасы Газадагы согушкерлердин барымтасында каза болгон Боаз Залманович шаршембиде Тель-Авивде согушту токтотуу чакырыгы менен чыккандардын бири.
28-майда Израилдин Тель-Авив шаарында "хамасчылардын" барымтасында отургандардын жакындары топтолуп, Газада согуш башталганына 600 күн болгонун, ошондон бери туткундарды бошотуп алган жок деп израил өкмөтүн айыпташты.
"Бүгүн 600 күн. 58 бейкүнөө адамды ХАМАС барымтага алып, Газанын жертөлөлөрүндө кармап отурганына 600 күн болду. 600 күн караңгылык. 600 күн эркиндиктен ажыратуу. Барымтадагылар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү коркунучтуу, адамкерчиликсиз жашоону башынан өткөрдү. Алар канчалык узакка кармала турган болсо ошончолук абал кооптуу. Газа эли да ХАМАСтын башкаруусунун жана узакка созулган согуштун курмандыктарына айланды",-деди барымтага түшкөн Гади Мозестин тууганы Эфрат Макикова.
Соңку бир суткада Израил армиясынын соккусунан анклавда кеминде 79 киши каза таап, 163 адам жабыркады. Reuters агенттиги тилкенин Саламаттыкты сактоо мекемесине шилтеме кылып кабарлагандай, өлгөндөрдүн айрымдарынын сөөгү уранды астында калды.
Эл аралык миграция уюму Газадагы чабуулдардан улам соңку 10 күндүн ичинде дээрлик 180 миң тургун жер которууга аргасыз болгонун маалымдады.
Марттан бери блокадада калып, гуманитардык жардам жетпей калган анклавга жүк ташыган машиналар бир нече күн мурун эле кое бериле баштады. Reuters агенттиги 27-майда жарыялаган видеодо Рафах шаарында палестиналыктар гуманитардык жардам алып жатканы көрүнөт.
"Биз бул жерде гуманитардык жардам таратылып жатканын көрүп дароо келдик. Бул жакта эч кандай документ сурашкан жок. Колубузга азык салынган кутуну карматышты. Алардын ичинде ун, консерва бар экен. Бул жакта 88 күндөн бери жардам келбей, ачарчылык каптады",-деди Рафахтын тургундарынын бири.
Улуттар Уюму баштаган уюмдар согуш баскан тилкеде ачарчылыкты алдын алуу жана калкты зарыл нерселер менен камсыздоо үчүн гуманитардык жардамды көбөйтүүгө үндөшөт дейт анын өкүлү Стефан Дюжаррик:
"Газадагы кырдаалга келсек, бир күн мурунку Гуманитардык фонддун бөлүштүрүү пунктундагы кырдаалды көрсөткон видеого токтолсом. Видеодогу көрүнүштөн жүрөк тилинет. Өткөн аптада башкы катчы белгилегендей, мүчө мамлекеттер колдогон, биздин өнөктөштөр менен түзгөн деталдуу, принципиалдуу, чукул ишке аша турган планыбыз бар. Ошондуктан ачарчылыкты алдын алуу жана калктын муктаждыгын жабуу үчүн гуманитардык операциялар зарыл экенин белгилеп кетейин".
Гуманитардык жардам ташыган кербен 28-май күнү Газа тилкесине жакын Израилдин чек арасына келди. Улуттар Уюму бир нече күн ичинде азык-түлүк салынган 8000 куту таратылганын жана бул жетишсиз экенин белгиледи.
18-майда Израилдин армиясы Газанын түштүгүндө жана түндүгүндө жердеги толук масштабдуу операциясын баштаганын билдирген.
Эл аралык коомчулуктун катуу сынына карабай Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС радикал тобу толук талкаланып же куралын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айткан. ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылып келет.
Газада согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Газа тилкесинен Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Туткундардын көбү сүйлөшүүлөрдүн, айырбаштоо келишиминин негизинде бошотулган. Израилдин аскердик чабуулдарынан анклавда 54 миңден ашуун адам набыт болду.
Шерине