Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Уиткоффтун Газада ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планына макул болгонун билдирди.
Нетаньяху муну ХАМАС радикал тобунун барымтасында отурган туткундардын жакындары менен жолугушууда айтканын мамлекеттик Kan TV телеканалы маалымдады.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Нетаньяху 60 күндүк жарашууга көнгөнүн, сунуш ХАМАСка жөнөтүлгөнүн бейшемби күнү ырастады:
"Атайын чабарман Уиткофф жана президент ок атууну токтотуу сунушун ХАМАСка жибергенин, ага чейин аны Израил колдогонун жана жактырганын бышыктай алам. Талкуулар уланып жатат, барымтадагыларды үйлөрүнө кайтаруу үчүн Газадагы уруш токтойт деп үмүттөнөм. Администрация эң башынан бери ушуга артыкчылык берип келген".
Анын алдында ХАМАС сунуш келип түшкөнүн жана жетекчилик аны жана Израилдин жообун Газанын эли "геноцидге туш болгонун" эске алуу менен карап атканын билдирген.
Kan TV телеканалы израилдик жогорку өкүлгө шилтеме менен кабарлагандай, сунушта ок атууну 60 күнгө токтотуу, бул үчүн эки этап менен барымтадагы 10 кишини бошотуу жана 18 сөөктү өткөрүп берүү каралган. Израил палестиналык 1,236 туткунду эркиндикке чыгарат жана 180 кишинин сөөгүн берет.
Документте Израилге 19 айдан бери уланып келаткан анклавдагы согушту токтотуу талабы айтылбаганы менен тараптар узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого тийиш деген шарт камтылган. АКШ, Египет жана Катар ок атышпоого кепилдик берчүлөр болмокчу.
Израил армиясынын болжолдуу санагына ылайык, ХАМАСтын колунда ушул тапта 50 чакты киши отурат, бирок алардын 21и гана аман.
Израил марттын ортосунда убактылуу жарашуудан чыгып кетип, гуманитардык жардамды өткөрбөй, тилкени блокадада калтырган.
Анклавдагы гуманитардык кризис курчуп, бир жумадай мурун чектелген көлмөдөгү жүктү жеткирүүгө уруксат берилгени менен ачарчылык коркунучу тооруп турат.
20 күн мурун Хавла Абу Зейтарга 11 айлык уулун дарылатуу үчүн эвакуация уруксаты берилгени менен, ал тилкеден чыга албай жатат.
"Талаа ашканасына бардык эле, тилекке каршы, куру жалак кайтып келдик. Блокада, тамак-аш тартыштыгынан, жардам келбей жатканынан улам баламдын курсагы тойбойт. Бүтүндөй дүйнөнү биздин балдарга, кары-картаң аялдарга, бир сындырым нансыз ачка калган адамдарга көңүл бурууга чакырабыз".
Израил Газа ачарчылык кризисине туш болгонун четке кагууда жана блокада палестиналык согушкерлердин гуманитардык жардамды башка жакка буруп, тартып алуусун алдын алуу максатын көздөгөнүн айтып келатат. ХАМАС Израилди ачарчылыкты "аскердик тактика катары колдонуп жатат" деп айыптап жүрөт.
Бейшембиде АКШ жана Израилдин колдоосу менен негизделген Газага жардам берүү фонду (GHF) тамак-аш тараткан үчүнчү пунктун ачканын жана алдыдагы апталарда алардын санын көбөйөрүн билдирди.
Жаңы демилгени ишке ашыруу ыкмасы буга чейин бир топ сынга кабылган.
БУУнун Азык-түлүк программасы 28-майда тамак-ашка зар болгон адамдардын тобу Рафахта кампалардын бирине кирип барып, талап-тоногонун билдирген. Окуя учурунда эки кишинин каза тапканы, бир нечеси жараат алганы маалымдалган.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Израил гуманитардык жардамды палестиналык анклавга өткөрүүгө тоскоолдук кыла берсе, катаал чаралар көрүлөөрүн эскертип, Париж жаңалды "эки мамлекет түзүү жолу" менен чечүү позициясын жактарын кайталады.
"Жакынкы сааттарда, күндөрдө гуманитардык абалды жакшыртуу жаатында кадамдар жасалбаса, коллективдүү позициябызды катаалдаштырууга туура келчүдөй. Адам укуктарын урматтоону талап кылган шарттар аткарылууга тийиш, азыр андайды көрбөй жатабыз. Абал оңолбосо, санкцияларды колдонууга туура келет".
Эл аралык уюмдардын нааразылыгына, айрым өнөктөштөрдүн эскертүүлөрүнө карабай, 29-майда Израилдин бийлиги оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде 22 жаңы конуш куруу планын жактырды.
Тилкедеги согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Израилдин жооп иретинде баштаган согушу 54 миңден ашуун кишинин өмүрүн алганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
19-майда Израилдин куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) анклавдын түндүгү менен түштүгүндө жердеги ири масштабдагы операциясын баштаганын жарыялаган.
Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат.
Бейшембиде Газанын жарандык коргонуу кызматы менен медиктер бир суткада 67 киши набыт болгонун, 179у жараланганын билдирген.
Израил согушкерлердин жайларын бутага алганын жүйө келтирет.
Шерине