Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Жогорку Кеңештин экс-спикери Канатбек Исаевге издөө жарыяланганы кабарланды


Канатбек Исаев. Архив
Канатбек Исаев. Архив

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевге издөө жарыяланганын “Кактус” басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, быйыл 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. 30-апрелде саясатчыга издөө жарыяланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Исаевди былтыр 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирип, кылмыш ишин саясат менен байланыштырган.

6-декабрда борбор калаанын Октябрь райондук соту бөгөт чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошоткон.

“Кактус” бул ирет Исаевге башка ишке байланыштуу издөө салынганын жазды.

Саясатчынын адвокаттары же жакындары менен байланышуу азырынча мүмкүн боло элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG