Орунбеков "Клооптун" журналисттерин Болот Темиров "каржылап жүргөн" деп билдирди

Зыягүл Болот кызы, Александр Александров, Айдай Эркебаева, Зара Сaдыгалиева. (солдон оңго)

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Клооп" басылмасынын Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берген, камалган журналисттери тууралуу билдирүү жасады. Ал Фейсбуктагы баракчасына аларды иликтөөчү журналист Болот Темиров "каржылап жүргөн" деп жазды.

"Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган "Клооп" сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар - А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.). Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришти",-деп жазды Орунбеков.

Орунбеков бул билдирүүсү эмнеге негизделгенин тактаган жок.

Болот Темиров менен муракка кирип чыккан журналисттер, алардын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

28-майда "Клооп" басылмасынын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына сурак берип чыкты.

"Клооптун" оператору Александр Александров жана басылманын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалганын адвокат Бакыт Автандил билдирди.

УКМК журналисттердин үйлөрүн тинтүү, суракка алуу жана эки жарандын кармалаганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Kloop" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.

Дагы караңыз

АКШда сот Трамп глобалдык тариф саясатында укугунан аша чапкан деп тапты Нетаньяху ХАМАСтын лидери Мухаммед Синвар жок кылынганын ырастадыЭкономика министрлиги цементти социалдык маанилүү товарлардын катарына кошууну сунуштадыИлон Маск президенттик администрациядагы иши аяктап жатканын айтты Өкмөт мыйзамсыз мигранттардын укуктук абалын жөнгө салуунун жобосун бекитти ЖК: социалдык ипотекага кезек жай жылып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга шек саналып камалдыЧек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге "Ата Мекен Баатыры" наамы берилди ЖК: бийик тоолуу аймактар тизмесинен 61 конушту чыгаруу тууралуу токтом долбоору күн тартибинен алынды Акыйкатчы институту аскерге чакырылган балдардын башкы жайынын шарты начар экенин билдирди ЖК: өкмөт чайыр тууралуу дыйкандарга берген убадасын аткарбай жатканы айтылды