Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху алардын армиясы Газа тилкесинде АКШ менен Европа Биримдиги террордук уюм деп атаган ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Мухаммед Синвар жок кылынганын ырастады.
ХАМАС бул маалыматты азырынча бышыктап же төгүндөй элек.
Израилдин армиясы 13-майда Хан-Юнистеги ооруканага сокку урган. The Times of Israel басылмасы чабуулдун башкы максаты Мухаммед Синварды жок кылуу болгонун жазган.
Сауд Арабиядагы Al-Hadath телеканалы 18-майда өз булактарына шилтеме кылып Синвар менен кошо анын ондой жардамчысынын сөөгү Хан-Юнистеги тоннелде табылганын билдирген.
Мухаммед Синвар ХАМАСтын мурдагы башчысы Яхья Синвардын кичүү иниси.
Яхья Синвар былтыр августта ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп дайындалган. Ага чейин бул милдетти аркалаган Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган.
Яхья Синвар 2023-жылы 7-октябрдагы Израилге кол салуулардын уюштуруучусу деп аталып келген. Израилдин армиясы былтыр октябрда ал өлтүрүлгөнүн жарыялаган.
Шерине