Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Украин-орус сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасына АКШ өкүлдөрүн жөнөтпөйт


Украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы, Стамбул, 16-май 2025-жыл
Украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы, Стамбул, 16-май 2025-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Стамбулдагы украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына делегация жөнөтүүну пландаган жок.

Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт 29-майда маалымат жыйында билдирди. Ошол эле маалда Трамп бул сүйлөшүүлөрдү колдоорун белгилеп, тараптарды түз сүйлөшүүгө барууга чакырганын кошумчалады.

16-майда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында Вашингтондун делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио баштап барган болчу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигин басма сөз катчысы Мария Захарова Москва Түркияга буга чейинки эле делегацияны кайра жөнөтөрүн билдирди.

Мунун алдында Орусия Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасын эмки дүйшөмбүдө, 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуш кылган.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Киев менен тынчтык келишиминин меморандумун иштеп чыкканын билдирген. Аны президент Владимир Путиндин жардамчысы, сүйлөшүүлөрдөгү делегациянын жетекчиси Владимир Мединский сунуш кыларын белгилеген.

Лавров Стмбулда 16-майда болгон жолугушууда тараптар жаңжалды жөнгө салуу үчүн позицияларын чагылдырган документ даярдоону макулдашканын билдирди.

28-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын жана Орусиянын мамлекет башчылары менен үч тараптуу жолугушууга даярдыгын билдирген. Ал ошондой эле Киев Ватикандагы же Швейцариядагы техникалык жолугушууларга даяр экенин белгилеген.

Буга чейин Лавров Москва Украинадан мурдагыдай эле “бардык дискриминациялык мыйзамдардын” жоюлушун, өлкөнүн ядролук куралга ээ болбошун талап кыларын айткан.

Шейшембиде Ак үйдүн атайын чабарманы Кит Келлог Трамп, Путин жана Зеленскийдин кездешүүсү Женевада өтүшү ыктымал деп билдирген. Дипломаттын айтымында, Киев ок атууну токтотуу шарттары камтылган документти тапшырды, эми Москва тараптан ушундай эле меморандум күтүп жатышат.

16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG