Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы соңку окуяларга байланыштуу билдирдүү таратты. Анда уюм "Клооп" басылмасынын жагдайынан улам камтамачылык билдирип, бул окуялар журналисттердин укуктарынын одоно бузулушу, сөз эркиндигине жасалган кысымдын көрүнүшү экенин белгиледи.
"УКМКнын кызматкерлери "Клооптун" журналисттеринин үйүн тинтип, эч кандай айыптоо койбостон техникаларын алып, камашты. 29-майда журналисттик ишмердүүлүккө байланышкан документтер сакталган басылманын кеңсесинде тинтүү болду. Журналист эмес кызматкерлер дагы суракка алынып, камалды. Аларга көпкө чейин адвокат менен жолуктурууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул алардын өзүн коргоо укугун бузат жана эл аралык укуктун нормаларына каршы келет. Азыркыга чейин аларга расмий айып тагыла элек. Бирок соцтармактарда "массалык баш аламандыкка чакырган" дегендей такталбаган маалыматтар тарап жатат. Биз "Клоопко" жасалган кысымды чукул токтотууну, адвокаттар менен жолуктурууга мүмкүнчүлүк түүзүүнү, кармалган себептерин тууралуу маалымат берүүнү, басымдын куралы болгон "профиликтикалык сүйлөшүү" деген тажрыйбаны токтотууну, эркин журналисттердин коопсуздугун кепилдөөнү талап кылабыз. Биз Кыргызстандын бийлигинин журналисттердин укугун коргоого, мадианын эркин, коопсуз иштешине шарт түзүүгө чакырабыз",-деп жазылган билдирүүдө.
"Клооптун" башкы редактору Анна Капушенко 29-майда аталган басылманын дагы бир кызматкери Абдил Айтпайтегиндин (Төрөбаев) үйү тинтилип, өзүн УКМКнын Бишкектеги бөлүмүнө суракка алып кетишкенин билдирген. Көп өтпөй ушул эле күнү басылманын офис-менежери Сымбат Баймурзаеваны суракка алып кетишкени, кеңсеси тинтилгени маалымдалган.
"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин билдиргендей, Төрөбаевдей болуп, ал да журналисттик материалдарды жазууга катышкан эмес.
Анын алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Клооп" басылмасынын УКМКга сурак берген, камалган журналисттери тууралуу билдирүү жасаган. Ал Фейсбуктагы баракчасына аларды иликтөөчү журналист Болот Темиров "каржылап жүргөн" деп жазган. Бирок бул билдирүүсү эмнеге негизделгенин тактаган эмес.
Болот Темиров ага Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарып, Орунбековдун айткандарын жокко чыгарган.
Суракка кирип чыккан журналисттер, алардын адвокаттары Орунбековдун айткандарына азырынча комментарий бере элек. УКМК дагы бул окуя тууралуу комментарий берген жок.
28-майда "Клооп" басылмасынын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына сурак берип чыккан.
"Клооптун" оператору Александр Александров жана басылманын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалганын адвокат Бакыт Автандил билдирген.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Kloop" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.
Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.
Аракеттеги медиа платформасы эркин журналисттерге кысымды токтотууга чакырды

Дагы караңыз
Шерине