Бир үйдөн үч баланын табыты чыкты
Шаршембиде Житомир облусундагы Коростышев шаарында Орусиянын соккусунан каза болгон бир тууган Мартынюктарды жерге беришти.
8 жаштагы Тамара, 12 жаштагы Станислав жана 17 жаштагы Роман менен коштошуу зыйнатына шаардын жүздөгүн тургуну барды.
Өткөн дем алышта украин аймагына коюлган жапырт чабуул маалында алардын үйүнө орусиялык ракетанын сыныгы түшкөн.
Роман мектепти аяктап жаткан эле. Анын мугалими Юлия Скок көз жашын тыя албай жатты:
"Роман класска кайра кайтып келбейт, акыркы коңгуроону укпайт деген ой жүрөгүмдү оорутту. Биз окуу жылынын аякташына арналган майрамдык иш-чараларды өткөргөн жокпуз. Балдар да, ата-энелер да муну туура көрүшөт. Себеби биз аза күтүп жатабыз”.
Балдардын атасы жеңилирек жаракат алган, энеси оор абалда ооруканада жатат. Бүтүндөй үч-бүлөнүн тагдырын талкалаган бул трагедия украиналыктардын күнүмдүк турмушуна айланган окуялардын бир эле мисалы. Тынчтык жакын арада орнойт деген үмүт азайган чакта орус армиясы кошуна өлкөсүнүн карапайым калк жашаган райондорун аеосуз аткылап келатат.
29-майга караган түнү орус аскерлери 90 дрон менен сокку урганын Украинанын аба күчтөрү билдирди. Мартынюктардын өмүрү кыйылган күнү Украинага 355 дрон жана ракета атылганы кабарланган.
БУУнун Адам укуктары боюнча агенттигинин апрелде чыккан докладына ылайык, бир айда эле украин шаар-кыштактарында бери дегенде 209 жайкын тургун каза тапкан, 1200дөйү жараланган.
Ал арада Украинадагы кырдаалды иликтөө боюнча БУУнун алдындагы көз карандысыз эл аралык комиссия "Херсон облусунун Киевдин карамагындагы бөлүгүндө жөн-жай тургундарга атайлап чабуул коюу менен орус армиясы согуш кылмышын жасап жатат" деген жыйынтыкка келди. Алардын маалыматы боюнча, өткөн жылдын июлунан быйылкы апрелге чейин облуста орусиялык дрондордун соккуларынан 150 чакты жергиликтүү жашоочу кайтыш болду.
Комиссия "өлгөн жана жаракат алган карапайым элдин видеолорун чыгаруу да адамдын жеке ар-намысына шек келтирет жана согуш кылмышына тете" деп билдирди.
Бейшембиде Москванын мэри Сергей Собянин башкалаанын үстүнөн 3 дрон атып түшүрүлгөнүн айтты. Жабдыктардын сыныктары кайда кулаганы айтылган жок. "Росавиация" Внуково аэропортунун иши убактылуу чектелгенин жазды.
Орусиянын бир нече облусу да пилотсуз учактардын чабуулуна кабылганы белгилүү болду.
"Бардыгы күтүүдө". Тынчтык сүйлөшүүлөрү эмне болду?
Саясий деңгээлде ок атышууну токтотуу аракеттери уланып, АКШ президенти Дональд Трамп зарылчылык болсо орус жана украин мамлекет башчылары менен жолугушууга даярдыгын билдирди.
Анын алдында украин лидери Владимир Зеленский Трамп жана Путин менен кездешүүгө даяр экенин айткан.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жогорку деңгээлдеги саммит делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйнытыгына жараша гана өтүшү мүмкүн деп билдирди.
Шейшембиде Ак үйдүн атайын чабарманы Кит Келлог Трамп, Путин жана Зеленскийдин кездешүүсү Женевада өтүшү ыктымал деп билдирген. Дипломаттын айтымында, Киев ок атууну токтотуу шарттары камтылган документти тапшырды, эми Москва тараптан ушундай эле меморандум күтүлөт.
Шаршембиде украин коргоо министри Рустем Умеров орус делегациясынын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү жетекчиси Владимирр Мединскийге Киевдин позициясын чагылдырган доументти тапшырганы маалымдалды. Министр Орусияны да өз документин дароо берүүгө чакырды.
Президент Зеленскийдин айтымында, каршы тарап өз меморандумун согуш туткундарын айырбаштоонун акыркы баскычы аяктагандан кийин беришерине убада кылган. Бирок азырга чейин документ алардын колуна тийе элек. Туткундардын акыркы тобу 25-майда алмашылган.
"Биз тараптан орустар менен байланыш болуп, коргоо министри Мединскийге телефон чалды. Алар бир нерсе беришерин айтышты, бирок эч нерсе ала элекпиз. Эч ким эч нерсе ала элек. Кошмо Штаттарга кайрылдык, алар да күтүп жатат. Бардыгы күтүүдө".
Ошол эле күнү Орусия Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 28-майда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
"Орусия тарап макулдашылгандай эле тиешелүү меморандумду оперативдүү иштеп чыкты. Документте кризистин баштапкы себептерин ишенимдүү жоюу жолдору боюнча биздин позициябыз айтылат. Владимир Мединский жетектеген делегациябыз меморандумду Стамбулда 2-июнда жандана турган түз сүйлөшүүлөр маалында украин делегациясына сунуш кылууга жана зарыл болсо түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр".
"Рейтер" агенттигинин булактары маалымдагандай, Москва сөз болгон меморандумга НАТОну мурдагы советтик мейкиндикке карай кеңейүүсүнө тыюу салуу талабын киргизүүнү көздөйт.
Буга чейин Лавров Москва Украинадан мурдагыдай эле “бардык дискриминациялык мыйзамдардын” жоюлушун, өлкөнүн ядролук куралга ээ болбошун талап кыларын айткан. Москва документ даярдалып бүтүп калганын айтып, анын мазмунун комментарийлеген жок.
16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Шерине