“Сахаба” - балбандарды тааныткан күрөш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноокаттагы “Сахаба” стадиону жылына бир жолу кудум байыркы Римдеги Колизейге айланып, мында Фергана өрөөнүнүн балбандары күчүн сынашат. Бул күрөш жүздөгөн жылдардан бери өтүп, ушул жерден далай чемпиондордун далысы жерге тийип, далай жаңы ысымдар өрөөнгө таанылган.