Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Чаткал дарыясына агып кеткен аялдын сөөгү табылды


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абаддагы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында сууга агып кеткен 65 жаштагы аялдын сөөгү табылганын билдирди.

Кырсык 28-майда болгон, маркумдун жакындары анын дайыны чыкпай жатканы тууралуу ошол күнү кечки саат 7лер чамасында кабарлашкан. Куткаруучулардан, милициялардан жана жергиликтүү тургундардан турган топ эки күндөн бери издеп жатышкан.

ӨКМ ушул күндөрү Чүйдөгү Жайыл районунда 19-майда Көкөмерен дарыясынан балык уулоого чыгып кеткенден бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы жаранды издеп жатат. Анын кайырмагы суунун жээгинен табылган.

Кыргызстанда сууга агып кетип ажал тапкан бир канча учурлар жылда катталат.

Буга чейин ӨКМ жана синоптиктер жаан-чачындуу аба ырайыга байланыштуу дарыялар кирип, сел, суу ташкын коркунучу бар экенин эскертип келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG