Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:18

Киев: Украина Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн 2-айлампасына даяр


Андрей Ермак
Андрей Ермак

Украин делегациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына катышууга даяр, бирок орус тараптан согушту жөнгө салуунун шарттары жазылган меморандумду күтүп жатат.

Мындай маалыматты РБК-Украина украин президенти Владимир Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермакка шилтеме кылып таратты.

Ермак белгилегендей, «конструктивдүү талкууну» көздөгөн Киев каршы тарап убада кылынган меморандумду 2-июнда Стамбулда өтчү экинчи раундга чейин берет деп үмүттөнөт.

Шаршембиде украин коргоо министри Рустем Умеров орус делегациясынын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү жетекчиси Владимир Мединскийге Киевдин позициясын чагылдырган доументти тапшырганы маалымдалган.

Орусиялык расмий адамдар «меморандум дээрлик даяр болуп калганын» билдиришкен. Шаршембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков документти иштеп чыгуу «соңку стадияга келип калганын» журналисттерге айткан.

Бирок Украина меморандумду ала электигин маалымдады.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялык «тынчтык меморандумунун» шарттарын Мединский сүйлөшүүлөрдө сунуш кыларын белгилеген.

28-майда Орусия Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасын эмки дүйшөмбүдө, 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуш кылган.

30-майда Песков сүйлөшүүлөргө чейин эки тараптын тең документтеринин мазмуну коомчулукка ачык жарыяланбай турганын белгиледи. Ошол эле маалда Москванын өкүлү «украин делегациясы аны менен кездешүүгө чейин тааныша алабы?» - деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Ал эми Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт президент Дональд Трамптын администрациясы Стамбулдагы украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына делегация жөнөтүүнү пландабаганын маалымдады. Ошол эле маалда Трамп бул сүйлөшүүлөрдү колдоорун белгилеп, тараптарды түз сүйлөшүүгө барууга чакырганын кошумчалады.

16-майда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында Вашингтондун делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио баштап барган болчу.

Бирок Украина менен Орусия делегацияларынын бетме-бет жолугушуусунун жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG