29-майда Клооп Медианын дагы эки кызматкери сурак берди. Мурунку күнү басылманын беш журналисти суралып, эки кызматкери 48 саатка кармалды. Бийликтин өкүлү медиа кызматкерлерди иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштырды. Укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек.
29-майда басылманын дагы бир кызматкери Абдил Төрөбаевдин үйүн УКМК кызматкерлери тинтип, өзүн суракка алып кеткенин "Клооптун" башкы редактору Анна Капушенко Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Түштөн кийин басылманын офис-менежери Сымбат Баймурзаеваны УКМКга суракка алып кетишкени кабарланды. "Клооптун" жетекчилиги Төрөбаев менен Баймурзаева журналисттик материалдарды жазууга, тартууга катышпаганын жарыялады.
Бейшембиге караган түнү медианын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов кармалып, 48 саатка камалган.
"Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” негизинде айып тагылууда. Бирок биз билгендей ал кызматкерлер кандайдыр бир массалык башаламандыкка же болбосо бийлик өкүлдөрүнүн айткандарына баш ийбөөгө чакырык жасаган эмес. Ошондуктан бул айыптарды биз негизсиз деп эсептейбиз. Бул айып буга чейин болгон материалдарга байланыштуу", - деди адвокат Бакыт Афтандил.
Адвокат белгилегендей, тергөө 2024-жылкы соттун чечимине карабай “Клооп” ишин улантып атат деген жүйөгө такап жатат.
Amnesty International эл аралык уюму 29-майда жасаган билдирүүдө “Клооп” басылмасынын кызматкерлерин кармоо көз карандысыз журналистикага каршы басым-кысымды күчөтүүдө деп белгиледи.
Александровдун аялы Ксения Александрова күч кызматкерлери үйүн бир сааттай тинтип, нотбук, компьютер, видеокамера, флэш карталарды алып кеткенин айтты.
“Александрдын үй камагына чыгарып алуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Тергөө иштери орточо эки айга созулат деп айтышты. Күйөөмдү үйдөн саат күндүзгү үчтөрдө алып кетишкен. Саат түнкү 12де ал мага адвокат аркылуу чалып, 48 саатка камап жатышканын айтты. Түнкү экиде болсо УКМКнын имаратынан тергөө абагына алып кетип баратканында бир аз сүйлөшүүгө мүмкүн болду. Ал эч кандай күнөөсү жок экенин айтууда”.
28-майда басылманын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына сурак берип чыкты. Алар атайын кагазга кол коюп бергендиктен, комментарий алуу мүмкүн болгон жок.
Атайын кызмат журналисттерге байланыштуу соңку окуя тууралуу комментарий бере элек.
“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин журналисттердин кармалышын мыйзамсыз деп атап, басылма ишин уланта берерин айтып, коомчулукка видео кайрылуу жасады.
"Мен эл аралык укук оргоо уюмдарын, элчиликтерди жана БУУнун тиешелүү түзүмдөрүн кырдаалга тез арада көңүл бурууга чакырам.
Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге да өзүнчө кайрылам. Биз сиздердин журналисттердин тагдырына кайдыгер экениңиздердин түшүнөбүз. Бирок мен белгилеп кетким келет - УКМКнын кызматкерлери өздөрүнүн кыймыл-аракети менен Кыргызстанда акыйкат териштирүү болот деген аң сезимди талкалады. Ар бир кармалган адамдын адвокатка укугу бар".
29-майда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Клооп" басылмасынын журналисттерин Болот Темиров "каржылап жүргөн" деп билдирүү жасады.
"Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган "Клооп" сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар — А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.). Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришти".
Орунбеков бул билдирүүсү эмнеге негизделгенин тактаган жок.
Кыргызстандан күчтөп чыгарылган, чет өлкөдө жашаган Болот Темиров Орунбековдун билдирүүсүнө видео менен жооп берип, аты аталган журналисттер менен эч кандай байланышы жок экенин белгиледи.
“Кармаган балдар менен эч кандай байланышым да жок. Көпчүлүгүн жеке тааныбайм дагы. Мен эч кимге буйрук (тапшырма) бербейм, эч кандай команда менен иштебейм, эч кимге акча төлөбөйм. Бардык иликтөөлөрдү өзүм жасайм. Кээ бирлерин башка көз карандысыз редакциялар менен, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр менен чогуу ишке ашырам. Кечээтен бери бийлик бул жаштарды менин атым менен байланыштырып, кылмыш ишин токуп жатышканы боюнча маалыматтар түшө баштады. Башында көңүл бурган эмесмин, анткени бул калп. Бирок азыр бул калптын негизинде кылмыш ишин ойлоп табуу аракетин көрүп жатышат".
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Kloop" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон. Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптап, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.