Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

"Документти айлап күтүп, араң жасатабыз". 5 миңдей мигрант кантип мыйзамдашат?


Кыргызстанда курулушта иштеген чет элдик мигранттар
Кыргызстанда курулушта иштеген чет элдик мигранттар

Атайын кызмат 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарга рейд башталарын, андай чет элдиктер 5 миңдей экенин билдирди. Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө тармактарында жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Бишкектин чет жакасындагы курулуш аянты. Жумуш күчү жетишпегенинен соңку жылдары компания чет өлкөлүктөрдү ишке тарта баштаган.

"Муса, Авазга айтып койчу", - деп Пакистандын жарандарын келишимдик негизде иштетип жаткан курулуш компанияларынын биринин прорабы Нурболот Кудайбердиев жумушчуларынын бирине кайрылууда. Ал пакистандык жумушчулар орусча түшүнөрүн айтат:

Нурболот Кудайбердиев
Нурболот Кудайбердиев

"Бизде 100дөй жумушчу иштейт. Анын болжол менен 10% - 11 адам чет өлкөлүктөр. Алардын баарынын патенти, визасы бар. Ошону менен гана алабыз. Бүт баарынын мына мындай онлайн документтери бар, сканер менен чыгарсак болот. Баары, мына, кыргыз тилине да которулган".

Кудайбердиевдин айтымында, өлкөдө курулуш тармагында иш кызуу жүрүп жатканы менен жергиликтүүлөр оор жумушка көп макул боло беришпейт. Мисалы, бетон конструкцияларын куйганда күнү-түнү иштөөгө туура келет. Өзгөчө жайкысын жумуш түнкү маалда күчөйт.

"Мындай учурда Аваз сыяктуу иштен качпаган жумушчуларды издеп калышат", - дейт ал.

25-28 жаштагы бул жумушчулар Кыргызстанга Пакистандан эки ай мурда келген. Бир жыл иштейбиз деп Фейсалабад шаарынан келген Аваз Али Акбар бул топко баш-көз болуп жүрөт. Ал каттоого турганда кыйналганын, ортомчу компаниянын жардамы менен документин бүтүргөнүн айтып берди. Азыр эми мындан аркы уруксат мөөнөтүн кантип узартам деп сарсанаа.

"Менин ата-энем, байкем бар. Тапкан акчамды аларга жөнөтөм. Пакистанда нан, азык-түлүк кымбат, акчанын баары ошол жакка кетет. Бул жерде болушунча үнөмдөп жашайм. Документти айлап күтүп, араң жасатабыз. Мындай учурда ортомчу компаниялар жардам берет. Визаны узартуу үчүн дагы узун кезекке туруу керек", - деп айтып берди ал "Азаттыкка".

Бөтөн жерде кыйынчылыкка, документ алуу түйшүгүнө карабастан иштеп, акча табууга аракет кылган бул жарандар жумушту тез аткарарын Кудайбердиев кошумчалады:

"Индиянын, Пакистандын жараны көп болгондуктан кезек күтүп калышат экен. Жумалап калып кетишет. Эгер бир күн үйүнө кетсе, кезек артка жылып калат экен. Булар тездик менен иштешет, биз айткан сөздү аткарышат".

Жумушка кирген чет элдиктердин көбү Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга окуганы келгендер. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында эле дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 3 миңдей студент билим алууда. Алардын басымдуу бөлүгү Индия менен Пакистандан келгендер.

Студенттер, Медакадемиянын проректору Гүлмира Жумалиева билдиргендей, 3-курска чейин окуу жайдын жатаканасында жашап, андан ары өз алдынча батир издеши керек:

Гүлмира Жумалиева
Гүлмира Жумалиева

"Бул учурда алар жашаган жеринде каттоого турушу зарыл. Аларга чектелген убакыт берилет. Анан батир ээлеринин баары эле чет элдиктерди каттаткысы келе бербейт. Ушул жерден алар кыйналышат. Андан ары каттоо процесси Калкты тейлөө борборунда уланат, бирок ал жерде буларга өзүнчө терезе да жок. Эл катарында эле барышат, ошондуктан көп убактысы ага кетип калат. Бирок биз студенттерибизди көзөмөлдөйбүз, окуу жылына карата бардыгы катталат".

Мыйзамсыз мигранттар кантип мыйзамдашат?

Бир ай мурун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тигүү цехтерин кыдырып, каттоосу жок жүргөн мигранттарды текшерип, бир эле ишканадан документи жок 27 чет элдикти аныктаганын кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматында, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 5 миңдей чет элдик бар.

"Көптөгөн чет өлкөлүктөр жана чакыруучу субъекттер өлкөгө кирүүнүн жагымдуу жана жөнөкөйлөтүлгөн тартибин кыянаттык менен колдонушат. Чет элдиктер өлкөгө потенциалдуу туристтердин жана студенттердин атын жамынып келип, иш жүзүндө мыйзамсыз иштешет. Юридикалык жактар жана чет өлкөлүктөр мамлекеттик алымды төлөөдөн качып, мыйзамсыз мигранттарды (студенттер жана туристтер) жумушка кабыл алат, ошону менен миграциялык мыйзамдардын колдонуудагы талаптарын одоно бузушат”, - деп чечмелеген атайын кызмат.

УКМК миграциялык процесстерди тартипке келтирүү максатында 10-июнга чейин 20 күндүн ичинде миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда жүрүү статусун мыйзамдаштырууну же өз ыктыяры менен чыгып кетүүнү 20-майда эскерткен. Мигранттар менен иштеген мекемелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Улан Куралиев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси. Анын айтымында, азыркы учурда жаңы жобо даярдалууда:

"Көпчүлүк учурда мигранттар кайсы бир компанияларга кайрылып, мамлекеттик пошлинаны төлөбөй жатышат. Биз жаңы жобо камдап жатабыз. Ага ылайык, алар 10-июнга чейин оңой эле каттала алышат. Чоо-жайын жакынкы күндөрү айтабыз. Андан ары түшүндүрүү иштерин баштайбыз. Кыргызстанга эмгек мигранттары негизинен Кытайдан, Индиядан жана Пакистандан келет. Түркиядан да келгендер бар".

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда расмий түрдө 12 миң эмгек мигранты жана 30 миң чет элдик студент катталган.

Бул күндөрү атайын кызмат мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрдү, 10-июндан тартып мекеме чет элдик жарандардын документтерин текшерүү боюнча атайын рейд жүргүзөт. Мыйзам бузган мигранттар документинин мөөнөтү өтүп кеткендигине жараша 5500 сомдон 20 миң сомго чейин айыпка жыгылышы мүмкүн. Юридикалык тараптарга 30 миң сомго чейин айып каралган.

Мыйзамсыз жүргөндөрдү депортациялоого ИИМге бюджеттен 280 млн сом бөлүндү.

Ушул айдын башында Бишкек милициясы "Нелегал" деп аталган операциянын алкагында Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды алып келип жумушка орноштурууда 800гө жакын мыйзам бузуу аныкталып, 3,5 миллиондой сомго административдик протокол түзүлгөн билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG