Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

"600дөн ашык адамды текшердик". Наристеге ВИЧ кайдан жуккан?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Төрт жыл мурда ооруканада дарыланган наристеге ВИЧ инфекциясы жуккан болушу мүмкүн деген маалымат парламентте көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги түзгөн атайын комиссия 600дөн ашык кишини текшерген, бирок инфекциянын булагы алигиче аныктала элек.

Жогорку Кеңеште депутат Элдар Абакиров ооруканалардын биринде дарыланган балага ВИЧ-инфекциясы жуккан болушу мүмкүн деген маселени көтөрүп, өлкөнүн саламаттык сактоо мекемесинен көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. Эл өкүлүнө баланын ата-энеси кайрылып, жооптууларды аныктоого жардам берүүнү суранган.

“Мага кат жазышты, Сокулуктун ооруканасында кичинекей балага укол сайганда ВИЧ жуктуруп алыптыр. Ошого да көзөмөлдү күчөтүш керек деп ойлойм. Андайга жол берилбеши керек”, - деди Абакиров.

"Азаттыктын" журналисттери баланын ата-энеси менен байланышканда алар аты-жөнүн ачык айтууну каалашкан жок. Атасы наристеге COVID-19 күчөп турган 2020-жылы вирус жуккан болушу мүмкүн экенин айтып берди. Ошол кезде кенедей баласы күйүп калып, апасы менен ооруканага жатып чыккан экен.

“Балабыздын денесинин 20% күйүп калып, үч күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Кийин аны борбор шаардагы ооруканалардын бирине “Тез жардам” унаасы менен которуп келгенбиз. Жандандыруу бөлүмүндө COVID-19 менен ооруган чоң кишилер менен чогуу жаткырып коюптур. Кийин ошол жердеги беш киши тең каза болуп калганын уктук. Аны ошол комиссиянын курамындагылар айтып жатат, “беш киши өлдү, анализ ала албайбыз” дешти. Биз Бишкектеги оорукандан укол алгандан кайра үйгө кеттик. Ошондон кийин эле баланы үйгө алып бардык. Башы жара болду, кулактары шишиди. Андай оору экенин билбептирбиз да”.

"600дөн арбын киши текшерилди". Наристеге ВИЧ кантип жуккан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

Бирок арадан төрт жыл өткөндөн кийин гана баласынын диагнозу чыгып, ВИЧ жуктуруп алганы белгилүү болгон. Алар дароо эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, соңку жарым жылдан бери иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жатышат.

“Кимдер күнөөлүү болсо, жазасын алышы керек. Шалаакылык кылгандар жумуштан кетсин. Сотко берели десек, жыйынтык чыкпай жатат. Негизи жыйынтыкты Саламаттык сактоо министрлиги чыгарат да”.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн жылдын соңунда 11 адистен турган атайын комиссия түзгөн. Министрликтин маалыматына караганда, комиссия ошондон бери бир нече клиниканы текшерген. Буга байланыштуу 600дөн ашык киши ВИЧке текшерилгени белгилүү болду. Жогоруда ата-энеси айтып бергендей, наристе алгач райондук ооруканага түшүп, кийин борбор калаада дагы дарыланган.

Саламаттык сактоо миниcтрлигинин коомдук салматтык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова комиссия 600дөн ашуун киши ВИЧке текшерилгенин билдирди.

“Кайрылуу боюнча ал баланы караган, аны менен чогуу жаткан адамдардын баарын, 600дөн ашуук кишини ВИЧке текшердик. Бардыгынын анализи терс жыйынтык берди. Кайсыл жер инфекциянын булагы болгону, кимден жукканын аныктоо өтө кыйын жумуш болду. Комиссиянын маалыматына караганда, Сокулук райондук ооруканасында алгач ошол бала менен чогуу жаткан беш киши каза болуп калыптыр. Аларды текшерүүгө мүмкүн эмес. Ошого таянып эле, биз саламаттык сактоо уюмунда жуккан болушу мүмкүн дегенди жокко чыгарбайбыз. Балким, ошол жактан жугузушту деп айтып жатабыз. Бирок биздин так маалыматыбыз жок”.

Министрлик комиссия жакынкы күндөрү иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялай турганын билдирди. Ушу тапта баланын ата-энеси наристеси бат-баттан ооруп калып жатканын, ВИЧке тийиштүү дары-дармектерди иче баштаганын айтты.

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын ооруканадан массалык жуктурган учур 2006-2007-жылдары Ош аймагында катталган. Текшерүлөрдөн кийин 382 балага вирус ооруканадан жукканы белгилүү болгон. Кийин бул боюнча соттук териштирүүлөр болду.

2008-жылы Кылмыш кодексинин 117-беренеси (ВИЧ инфекциясын жуктуруу) боюнча 14 дарыгерге каршы кылмыш иши козголуп, иш Жогорку сотко чейин жеткен. Териштирүү баш-аягы беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө төрт жылга кесилген. Ооруканада балдарга ВИЧ илдетин ким, кандайча жуктурганы так аныкталбаган бойдон калган.

"Ипотекалык батир сурайбыз". Ошто ВИЧ жуктурган балдар эрезеге жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Соңку маалыматтарда Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктурган 14,5 киши катталган. Алардын 783ү балдар.

Адистер белгилегендей, ВИЧ үч жол менен жугат: корголбогон жыныстык катнашта; кан аркылуу (ийне сайынганда); энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кош бойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).

Расмий статистикага кайрылсак, акыркы жылдары кооптуу вирусту жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгандар көбөйгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG